• Friday , 26 April 2024

Sergei Duvanov and Peter Zalmayev Discuss Unrest in Kazakhstan and Situation in Kyrgyzstan on BBC’s Kyrgyz Service (IN KYRGYZ)

Би-Би-Си Казакстандагы көз карандысыз журналист Сергей Дубанов жана Евразиялык демократиялык демилге уюмунун жетекчиси Питер Залмаевди кепке тартып, Казакстандагы нааразылыкка эмне түрткү болуп жатат деген суроо жолдогон.

Казакстанда жер маселеси боюнча митинг 21-майда өтөт. Буга чейин активисттер камакка алынып, Казакстандын бийлиги Алматы, Астана жана башка шаарларда митинг өткөрүүгө уруксат бербей койгон.

Би-Би-Си Казакстандагы көз карандысыз журналист Сергей Дубанов жана Евразиялык демократиялык демилге уюмунун жетекчиси Питер Залмаевди кепке тартып, Казакстандагы нааразылыкка эмне түрткү болуп жатат деген суроо жолдогон.

Сергей Дубанов: Менимиче нааразылыкка түрткү болгон негизги фактор бул социалдык-экономикалык көйгөйлөр. Экономикалык кыйынчылыктар, жалпы эле кризис калктын нааразылыгына түрткү болду. Жергиликтүүлөргө кандайдыр бир шылтоо керек болуп жаткан. Буга жер маселеси түрткү болуп берди. Көпчүлүк тургундар бийлик Казакстандын жерин сатууга аракеттенип жатат деген пикирде. Бирок албетте чынында андай эмес. Жер сатылып жаткан жок. Бирок ага карабастан демонстрациялар өттү жана аларды эч ким атайылап уюштурган жок. Саясий күчтөр каржылаган жок. Менимче бул нааразылык акцияларды эл өзү уюштурду. Өз пикирин билдириш үчүн көчөгө чыгышты.

Би-Би-Си: Буга чейин Казакстандын бийлиги Жер кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө мораторий жарыялаган. Бул кадам нааразылык акцияларды токтотобу?

Сергей Дубанов: Менимче токтотот, учурда акциялар токтоду. Андан тышкары бийлик репрессиялык ыкмаларды да колдонууда. Мисалы азыр 21-майда өтчү митингди колдогон көптөгөн активисттер камакка алынды. Менимче бул аркылуу бийлик активисттердин уюштуруу иштерине бөгөт коюуда.

Би-Би-Си: Казак коомуна өлкөнүн бийлиги туруктуулукка коркунуч катары сүрөттөп, Кыргызстандагы окуяларды терс мисал катары көрсөтүп келген. Жакында эле социалдык тармактарда ар кандай пикирлер тарап, айрым тургундар Кыргызстанды кайта жактап чыгышты. Демек коомдун пикири өзгөрүп жатабы?

Сергей Дубанов: Албетте пикир өзгөрүүдө. Бирок учурда бийликти колдогондор басымдуулук кылат. Башкача айтканда казакстандыктардын көбү пропаганда иштеринен улам бийликти колдойт. Биз унутпашыбыз керек, Казакстанда Орусиянын маалымат каражаттары басымдуулук кылат. Менимче Орусия өлкөбүздүн саясатын аныктайт. Бул маалымат каражаттары Орусиянын пропагандасын, кызыкчылыктарын жеткирип турат. Кыргызстанда болгон окуялар, Украинадагы Майдан аянтында болгон идеялар, алар коомдо демократиялык процесстер жүрүп жатканын көрсөтөт. Ал эми Орусиянын маалымат каражаттары тескери процесстерди айтышат. Ал себептен Казакстандын коому экиге бөлүнгөн. Азчылык бөлүгү демократиялык процесстерди колдосо, көпчүлүгү бийликтин саясатын колдойт.

Би-Би-Си: Питер мырза, Казакстандын бийлиги Орусиянын пропагандасына туруштук берүү үчүн кандай кадамдарга барып жатат?

Питер Залмаев: Чынын айтсам, Орусиянын пропагандасына каршы туруш кыйын. Алардын пропагандасы өтө күчтүү жана таасирдүү. Мен өзүм Украинанын чыгышында туулуп, өскөм. Украина өлкөсүндө да Орусиянын маалымат каражаттары басымдуулук кылат. Белорус, Молдова жана башка КМШ өлкөлөрүндө да абал окшош. Бул тема боюнча эки жылдан бери кызуу талкуу жүрүп келет. Казакстандагы маалымат каражаттарды алсак, сапаты Орусиянын маалымат каражаттарына жетпейт. Көрөрмандарды кызыктыруу усулдарын алсак, Орусиянын каналдарына КМШ өлкөлөрүнүн маалымат каражаттары туруштук бере албайт. Ал себептен Орусия КМШ өлкөлөрүнө таасир эте берет.

Сергей Дубанов: Буга кошумча, Казакстандын мамлекеттик маалымат каражаттары туруштук бергиси келген жок. Алар күрөшүүгө да аракет жасаган жок. Алар абалды курчутуп жатат, себеби алар Орусиянын пропагандасын колдоп жаткандай. Атыраудагы нааразылык акциялар башталганда өлкөнүн маалымат каражаттары бул окуяларды чагылдырган эмес. Бирок интернет баракчаларда жаңылык тез тарады. Учурда коомчулук акциялар тууралуу билбейт деп айтууга болбойт.

Би-Би-Си: Келечекте нааразылык акциялардан майнап чыгабы?

Сергей Дубанов: Менимче жер маселеси боюнча көйгөйдү бийлик күн тартибинен алып салат. Буга активисттердин уюштуруу иштери начар болгону жана өлкөдө күчтүү оппозиция жок экени себеп болууда. Мындан улам жакын арада эч кандай өзгөрүү болбойт. Бирок келечекте коомдун нааразылыгы өсө берет деп ойлойм.

Источник – bbc.com

Related Posts

Leave A Comment

You must be logged in to post a comment.